Азамат Исраилов кызматтан кетти
Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов кызматтан кетти.
Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгону маалым болду.
Азамат Исраилов бул кызматта 2019-жылдан бери иштеп келаткан.