Кыргызстандын Кувейттеги элчиси кызматынан бошотулду
Азамат Карагулов Кыргызстандын Кувейттеги элчиси кызматынан кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Эске салсак, Азамат Карагулов 2021-жылдын май айында Кувейттин элчиси болуп дайындалган.