Азербайжан Кыргызстандын экономикасын инвестициялоого даяр

6 февраля 2020, 15:20

5 - февраль күнү Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду расмий иш сапар менен кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптын актуалдуу маселелери талкууланды. 2020 - жылдын күз мезгилинде Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына келе турчу сапары тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.

Азербайжан мамлекет башчысы Кыргызстандын экономикасын инвестициялоого даяр экендигин билдирди.

Эки өлкөнүн достугунун жана бир туугандыгынын символу болуп кала турган Кыргызстан-Азербайжан достук Паркынын жана Бишкек шаарында жалпыга билим берүү мектебинин курулуш долбоорун батыраак ишке ашыруунун, ошондой эле борбор шаарлардын ортосунда түз авиакаттамды жандандыруунун маанилүүлүгү баса белгиленди.