Азербайжанда Кыргызстандын соода үйү ачылды

21 февраля 2024, 17:23

Азербайжанда Кыргызстандын соода үйү ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Азербайжандагы дипломатиялык өкүлчүлүгү билдирди.

Белгиленгендей, соода үйү эки өлкөнүн ишкердик кызматташтыгын өнүктүрүүгө салым кошуп, соода жүгүртүүнүн өсүшүнө оң таасирин тийгизет.

“Азербайжандык ишкер Зафар Мамедов элчилик менен биргеликте Азербайжанда Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын аянтчасын ачты”, - деп айтылат маалыматта.