Азия оюндарынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сертификаттар тапшырылды

10 октября 2023, 11:40

Кытайда өткөн Азия оюндарынын жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттар тапшырылды.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, алтын медалдын ээлерине 1 миллион 250 миң сомдон, 2-орунга ээ болгон спортчуларга 750 миң сомдон, коло байге ээлерине 500 миң сомдон тапшырылды.

Мындан тышкары, машыктыруучулар курамына дагы акчалай сыйлыктар берилди.

Эске салсак, Азия оюндарына Кыргызстандан 162 спортчу катышып, алар спорттун 23 түрү боюнча күч сынашкан.

Жалпысынан команданын эсебинде 15 медаль бар: 4 алтын, 2 күмүш жана 9 коло.