Азиз Аалиев Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалды

28 марта 2022, 11:46

Азиз Аалиев Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп 3 жылдык мөөнөткө дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

"Чечим “Министрлер кабинети жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамынын 13,17-беренелерине, Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун уставынын 8-беренесинин 5-пунктуна ылайык кабыл алынган",- деп айтылат маалыматта.

Ал эми Акылбек Жапаровдун дагы бир жарлыгына ылайык, буга чейин жогоруда аталган фондду башкарып келген Улукбек Карымшаков ээлеген кызматынан бошотулган.

Айта кетсек, Азиз Аалиев буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болчу. Бирок бүгүн, 28-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, ал ээлеген кызматынан бошотулган.