Азык-түлүктүн кымбатташы боюнча Кыргызстан ЕАЭБ ичинен лидер аталды

29 марта 2021, 17:30

Кыргызстан товар (+11.2%) жана азык-түлүккө (+15.8%) болгон баанын өсүшү боюнча Евразия экономикалык бирикменин ичинен лидер аталууда. Ал эми азык-түлүк эмес товарларга (+8.1%) жана кызматтарга (+8.4%) болгон баанын өсүшү боюнча Белорусия алдыңкы орунда турат.

Кыргызстанда күн карама май, картошка, тоок жумурткасы жана шекерге болгон баа эң коп жогорулады.

Муну менен катар Россияда ЕАЭБ боюнча шекердин баасы жыл ичинде +60% жогорулаган, Казакстанда - дан эгиндерине баа +28.7% өстү. Ошол эле учурда картошкага болгон баа бир гана Арменияда 23.1% төмөндөгөн.