БАЭ Кыргызстанга 54 тонна гумжардам берди

30 апреля 2021, 12:35

Бириккен Араб Эмираты Кыргызстанга гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам 54 тоннаны түздү.

Гуманитардык жардам Баткен аймагына өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу жөнөтүлөт.