Багбандарга «Ноокат алмасы» кооперативинин тажрыйбасы үйрөтүлөт

8 февраля 2024, 15:36

“Ноокат алмасы” кооперативинин базасындагы атайын окуу борборунда республиканын бардык аймактарындагы дыйкан, фермерлер үчүн семинарлар уюштурулат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Учурда “Ноокат алмасы” айыл чарба багбанчылык кооперативинде 15,0 га жердин алма багы, 4,0 га гилас багы, 4,0 га жер аянтында жаңгак бактары бар.

“Бул семинарларда бак үчүн жер кыртышын даярдоо, алманын сортун тандоо, тамчылатып сугаруунун өзгөчөлүгү, интенсивдүү алма багын кесүү (обрезка), зыянкечтер менен күрөшүүнүн жаңы ыкмалары боюнча практикалык жактан тажрыйба алмашуу болот”, - деп айтылат маалыматта.