«Байхан» жана «Дос ТВ» лотереялары мыйзамсыз ойнотулууда

23 января 2024, 09:20

Кыргызстанда ойнотулуп жаткан “Дос ТВ” жана “Байхан” лотереялары мыйзамсыз болуп саналат. Бул тууралуу Финансылык көзөмөлдөө мекемесинен билдиришти.

Финкөзөмөл жарандарды жарандарды билет сатып албоого жана өлкө аймагында уюштурулган мыйзамсыз лотереяларга катышпоого чакырат.

Эске салсак, буга чейин аталган мекеме "Алга Баткен", “Баткен сила”, “Ош сила”, SUIUN_TV, “Ийгилик ТВ” жана “Дос ТВ” лотереялары мыйзамсыз экенин жарыялаган.