Байсалов: Кыргызстан демократиялык өнүгүүнү жактайт

23 ноября 2022, 12:15

Кыргызстан демократиялык өнүгүүнү, Конституцияга ылайык адам укуктарын сактоону жана коргоону, ошондой эле адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерди аткарууну жактайт. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Human Rights Watch” Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн директору Хью Уильямсон менен жолугушканда билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана адам укуктары жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.