«Бакай Банктын» башкармалыгынын төрагасына Оксана Соломко дайындалды
Улуттук банк 17-декабрда ААК «Бакай Банктын» башкармалыгынын төрагасына Оксана Соломкону дайындады. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалат.
«Бакай Банктын» Башкармалыгына Оксана Соломкону дайындоо боюнча чечим ушул жылдын 25-сентябрында эле кабыл алынган.
Эске сала кетсек, ачык булактарда «Бакай Банктын» жаңы өкүлү Оптима Банктын башкаруучу директору болуп иштеген.