Бакетаев: министрлик капиталдык курулуштарга каражаттарды өз убагында берүүдө

24 октября 2023, 11:00

Каржы министри Алмаз Бакетаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында капиталдык салымдарга каражатты өз убагында бөлүп жатканын билдирди.

Министр алдын ала билдирбестен Баткен облусуна барып, акимге, губернаторго жолукканын билдирди.

“Курулуш жүрүп жаткан жерге барсам, кирпич, арматура, цемент баары бар. Бирок иш жакшы жүрбөй жаткан экен.Себебин сурасам, каражат жок деп айтышты. Чындыгында жумушчулар табылбай жаткан экен. Мындай учурлар көп кездешет, - дейт Алмаз Бакетаев.

Депутат Нурбек Алимбеков, депутаттар Транспорт министрлигине эмне үчүн тигил же бул жол салынбай жатканын сураганда, министрликтин кызматкерлери Каржы министрлиги каражат бөлбөй жатканына шылтаганын белгиледи.