Жерүй: «Бакубат Талас» фонду төрт жылдагы иши боюнча отчет берди
«Алтын Альянс» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү башталгандан тарта, Талас облсунун социалдык көйгөйлөрүн «Бакубат Талас» фонду чече баштады. Фонд Жерүй тарабынан 2016-жылы негизделип, жүздөгөн долбоорлорду ишке ашырууга жетишти.
Бул убакыт аралыгында «Алтын Альянс» тарабынан фонд 600 млн сомго каржыланган. Анын ичинен 220 млн сом социалдык долбоорлорго, 380 млн сом – ишкерлерди жана региондогу фермерлерди колдоого багытталган.
Жалпысынан «Бакубат Талас» 341 долбоорду ишке ашырды. Каражаттар төмөнкү тармактарга жумшалган:
- билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү – 42.2 млн сом;
- инфраструктураны өнүктүрүү – 32.6 млн;
- саламаттык сактоо тамрмагына – 24.4 млн;
- спорт 19.3 млн сом;
- админстративдик жана укук коргоо органдарына – 8.9 млн сом;
- маданият – 10.5 млн;
- айыл чарба тармагы – 9.2 млн;
- калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу – 8.9 млн сом;