Японияда бардык бала-бакчалар акысыз болот

18 ноября 2019, 15:20

Япониянын Жогорку палатасы акысыз бала-бакча тууралуу мыйзамды кабыл алды. Аталган мыйзам 2019-жылдын октябрь айынан тарта күчүнө кирген. Жобого ылайык, бала-бакча 3 жаштан 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз болот. 6 жаштан баштап балдар башталгыч класска окуй башташат. Бул тууралуу ТАСС Kyodo агенттигине таянып, жазып чыкты.

Андан сырткары, жогорку класстын окуучулары үчүн окуу дагы акысыз жүргүзүлөт. Социалдык колдоого муктаж жарандар жогорку окуу жайга акысыз окуй алышат. Бул мыйзам долбоору 2020-жылдын апрель айынан тарта күчүнө кирет. Мыйзамды премьер-министр Сииндзо Абэ парламентке алып келген. Бул анын саясий багыттарынын бири болгон жана өлкөгө акырындык менен акысыз окуу системасын киргизүү планы бар экендигин буга чейин билдирип келген.