Балбак Түлөбаев кызматтан кетүү боюнча арызын жазды

6 октября 2020, 10:20

Ысык-Көл облусунун ыйгарымдуу өкүлү Балбак Түлөбаев кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу официалдуу түрдө билдирди.

«Рахмат. Моралдык укугум жок», - деп билдирүү калтырган Түлөбаев.

Эске сала кетсек, Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусунун ыйгарымдуу өкүлү болуп, ушул жылдын 27-июлунда дайындалган.