Балдардын бала бакчадагы тамагын ата-эне өзү камсыздайт

1 ноября 2023, 12:00

Кыргызстандагы бала бакчаларда тамак-аш ата-эненин эсебинен камсыздалат. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Мекеме бул өлкөнүн “Билим берүү жөнүндө” мыйзамында жазылганын белгиледи.

Буга чейин социалдык тармактарда мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги балдардын тамак-ашына ата-энелер акча төлөй тургандыгы тууралуу маалымат тараган.