Балдарына алимент төлөбөгөндөрдүн саны 53,5 миңден ашты

22 апреля 2024, 11:47

Учурда Кыргызстанда 53 миң 548 ата-эне балдарына алимент төлөбөй жүрөт. Бул тууралуу Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин башчысы Урмат Кожомбердиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алиментти айлап, жылдап төлөбөй жүргөн ата-энелер бар.

Эске салсак, 2023-жылы Кыргызстанда балдарына чегерилген алиментти төлөбөгөндөрдүн саны 41 миңден ашкан.