Банк системасы 16 млрд сомдон ашык таза киреше тапты

24 октября 2023, 16:26

Жыл башынан бери банк системасы 16 млрд 330,9 млн сом таза киреше алды. Бул тууралуу Депозиттерди коргоо агенттиги билдирди.

Быйыл 31-августка карата өлкөдө 23 коммерциялык банк жана 320 коммерциялык банктын филиалы иштеп келген.

Банк секторунун жалпы активдери жыл башынан бери 18,7%га өсүп, 572,5 млрд сомду түздү (2022-жылдын акырына карата – 482,2 млрд сом).