Кыргызстанда банкоматтардын 10% карантинге байланыштуу жеткиликтүү эмес

17 апреля 2020, 17:30

Кыргызстанда банк жабдыктарынын 90% иштеп жатат. Бул тууралуу Улуттук банк билдирген.

Маалым болгондой, калган иштебеген терминалдардын 10% карантинге байланыштуу убактылуу жабылган мекемелердин ичинде.

Калган жеткиликтүү банкоматтар коммерциялык банктар тарабынан убагында тейленип жатат жана каражат жетиштүү. Банкоматтардын иши үзгүлтүккө учураган учурда, тийиштүү чаралар көрүлөт.