Бардык банкоматтар жаңы купюраларды алууга милдеттендирилет

9 ноября 2023, 11:00

Кыргызстандагы бардык банкоматтар жаңы купюраларды алууга милдеттендирилет. Тиешелүү токтом долбоорун Улуттук банк даярдады.

Ага ылайык, өлкөнүн башкы каржы мекемеси жаңы банкнотторду чыгаруу жөнүндө жарыялаган учурдан тарта алты ай ичинде бардык банкоматтар аларды кабыл алышы керек деген талап жазылат.

Бул жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө багытталган иш-чара.