Баткен облусуна жеңилдетилген насыя түрүндө 316 млн сом берилди

25 декабря 2023, 12:10

Быйыл 21-декабрга карата Баткен облусунун 358 ишкердик субъекттерине 316,6 млн сом жеңилдетилген насыя берилген. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Долбоордун максаты Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине, жеке жактарга жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

“Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 350 млн сомду түзүүдө”, - деп айтылат маалыматта.