Баткен шаарында «акылдуу» эсептегичтер орнотула баштады

6 февраля 2024, 10:45

“Улуттук электр тармагы” Баткен шаарында “акылдуу” эсептегичтерди орното баштады. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай аппараттар 7500 абонентке жеткиликтүү болот. Алар керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында орнотулууда.

Андан кийин Баткен облусуна “акылдуу” эсептегичтерди орнотууну баштоо пландалууда.