Баткен жана Кара-суу районуда өтө турган шайлоого дээрлик 24 млн сом жумшалат

6 марта 2024, 12:20

Борбордук шайлоо комиссиясы №2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жумшала турган каражатты бекитти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын суммасы 23 млн 934 миң сомду түздү.

  • Каражаттын 11 млн 778 миң сому шайлоону уюштурууга (маалымат, комиссияларды окутуу, байланыш менен камсыз кылуу, маалыматтык материалдарды жана бюллетендерди басып чыгаруу, аймактарга жабдууларды, документтерди жана таркатма материалдарды жеткирүү ж.б.);
  • 12 млн 156 миң сом эки округдук шайлоо комиссиясынын жана 143 участкалык шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгүн колдоого жумшалат.