Баткенде 100 млн сомго оорукана курулду

30 ноября 2023, 09:30

Баткен районунун Самаркандек айылында 75 орундуу жаңы оорукана курулду. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган оорукананы курууга президенттик фонддон 100 млн 56 миң сом бөлүндү.

Учурда оорукана бүткөрүлүп, эмеректер менен камсыздалды. Социалдык объект жакынкы аралыкта пайдаланууга берилет.