Баткенде 160 млн сомдон ашык акчага суу кампасынын курулушу башталды

9 февраля 2024, 12:30

Баткенде суу кампасынын курулушу башталды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объект Кадамжай районунун Жетиген айылында жайгашат.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, курулушка 161 миллион сом сарпталат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн учурда республикалык бюджеттен 6 миллион сом бөлүнүп, механикалык тазалоо иштери жүрүүдө.

Топтолгон суулар үчүн суу кампасы курулса 500 миң куб сууну пайдаланууга шарт түзүлөт.