Баткенде 2 млн 900 миң сомдук жер тилкелер мамлекетке кайтарылды

4 апреля 2022, 12:10

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Баткен шаарынын мэриясы мыйзамсыз ажыратып берген 5 га жана 0,15 га жер тилкелер кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын мэриясынын 2005-жылдагы токтому менен К.С. жана К.А. аттуу жарандарга жалпы 5,15 га муниципалдык жер тилкелер мыйзамсыз менчикке бөлүнүп берилгендиги аныкталган.

Анын алкагында, прокуратура тарабынан жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу жөнүндө сотко келтирилген доо арызы толук канааттандырылган.

Натыйжада, аталган жер тилкени мамлекетке кайтаруу максатында Баткен шаардык мэриясына прокурордук талап келтирилип, 2 млн 900 миң сомдук жер тилкелер мэриянын балансына кабыл алынды.