Баткенде 31 млн сомго Аскер прокуратурасынын имараты курула баштады

1 октября 2021, 15:00

Баткен шаарында Аскер прокуратурасынын административдик имараты жана сегиз батирлүү кызматтык турак үйдүн курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу “Акчабарга” президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасы Кадамжай шаарында жайгашкан. Аталган кызматтын өзүнүн атайын имараты болгон эмес. Соңку чек ара окуяларынан кийин Аскер прокуратурасын Баткен шаарына алып келүү демилгеси көтөрүлгөн.

Имараттын курулушу ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Курулуштун сметалык баасы 31 миллион 102 миң сомду түзөт.