Баткендик ишкерлер 1000 еврого чейин грант ала алышат

27 августа 2021, 11:00

Баткен облусунун Лейлек районундагы чек арада жашаган ишкерлерди колдой турган программа старт алды. Бул тууралуу «Акчабарга» JIA бизнес-ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди.

Программанын алкагында, ишкерлер атайын сынактан тандалып алынып окутулат. Аларга ишкердүүлүк, бизнести пландаштыруу, каржылык менеджмент, маркетинг жана товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүү боюнча сабактар өтүлөт.

Жыйынтыгында алар ишкердикти баштоо жана жүргүзүү үчүн жабдуулар же акчалай грант ала алышат. Гранттын максималдуу суммасы 1000 еврого чейин болоору айтылды.

Белгилей кетсек, программанын негизинде социалдык багыттагы ишкердикке, турмуштук оор кырдаалда жашаган аялдарга, ошондой эле экспортко багытталган бизнеске артыкчылык берилет.