Баткендиктерге жардам катары 1.6 млн сом ӨКМдин эсебине которулду

6 мая 2021, 10:48

Кыргызстандын Экономика жана Каржы министрлиги Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан талкаланган айылдардын инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине ыктыярдуу төгүмдөрдүн келип түшкөн каражат тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, 6-майга карата эсепке 1 миллион 164,8 миң сом түшкөн. Акыркы төлөмдөр 4-майда жүргүзүлгөн.

Кыргызстанда баткендиктерге жардам берүү үчүн каражат чогултуу үчүн өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө дагы эсеп ачылган. Ага 35 миллион 423,3 миң сом түшкөн.