Баткендин Самаркандек айылында логистикалык борбор ачылды

1 февраля 2024, 10:45

Баткендин Самаркандек айылында логистикалык борбор ачылды. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты.

Мында жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгактоо жана тоңдуруу үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн.

Логистикалык борбор USAIDдин "Агросоода" долбоору менен бирге жеке ишкерлер Сайпидин Жумабаев жана Мухамат Жумабаевдер тарабынан негизделди.