Баткендин тургундарына жеңилдетилген насыя берүү мөөнөтүн узартуу сунушталды

18 апреля 2023, 09:00

Баткен облусунун тургундарына жеңилдетилген насыя берүүнүн мөөнөтүн узартуу сунушталды. Улуттук банктын тиешелүү токтому коомдук талкууга коюлду.

Документ коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар тарабынан Баткендеги ишкерлерге насыя берүүнүн жол-жоболорун жеңилдетүүгө багытталган. Ага ылайык, аймакта катталган жана чарбалык иш жүргүзгөн ишкердик субъекттерин колдоо максатында токтомдун иштөө мөөнөтүн алты айга узартуу сунушталууда.

Белгилеп кетсек, өлкөнүн башкы каржы мекемеси былтыр 18-ноябрдан тарта 2023-жылдын 31-мартына чейин каржы-кредиттик уюмдар тарабынан Баткен облусунун тургундарына 3 млрд. 884 млн. 400 миң сомдук кредит каралганын жана берилгенин билдирди.