Базар-Коргондо 83 млн сомдон ашык акчага бала бакча курулат
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 75 орундуу бала бакча куруу планладууда.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай жарандык курулуш департаментинин Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.
Бала бакчанын курулушунун сметалык баасы 83 млн 341 миң сомду түзөт, сынакка катышууга арыз берүүнүн мөөнөтү 26-мартка чейин белгиленген.