Бажы кызматкерлери мамлекетке 3,5 млн сом зыян келтирген фактыны аныкташты

24 марта 2022, 17:41

“Манас” бажысынын кызматкерлери Кыргызстанга аткезчилик жол менен тик учактарды алып кирген фактыны аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Өткөн жылдын 17-августтунда Кыргызстанга (ЕАЭБдин бажы аймагына) Тажикстандын Душанбе шаарынан “Ф.С.Э.” ЖЧКнын дарегине “МИ-8”, “МТВ-1” вертолеттору келген.

“ЕАЭБдин мыйзамдарына ылайык ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды ташып кирүүдө товарларды бажы жол-жоболоштуруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү каралган. Бирок келген учурдан тарта, аталган вертолетторго карата кандайдыр бир бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес. Товардын наркы 640 миң АКШ долларын түзөт. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы – 3 млн 519 миң 723,26 сом”,- деп айтылат маалыматта.

Бул факт Бирдиктүү реестрге катталган, материалдар караштуулугу боюнча Башкы прокуратурага тапшырылган.