Бажы кызматы январь айында белгиленген пландан 1,566 млрд сомго көп салык чогулту

2 февраля 2022, 16:07

Мамлекеттик бажы кызматы 2022-жылдын январь айына карата бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү боюнча планды ашыкча аткарды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Январь айынын жыйынтыгы боюнча бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 4,926 млрд сомду түздү.

2021-жылдын январь айына салыштырмалуу түшүү 2,946 млрд сомго көбөйгөн, же өсүү темпи 111,3% түздү. 2020-жылдын апрелине карата 2,208 млрд сомго, же өсүү темпи 248,8% түздү.

"Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 146,6%га аткарылган же 1,566 млрд. сомго көп чогултулган",- деп айтылат маалыматта.