Белорусия 500 млн доллар насыя алат
Евразия фондунун стабилдештирүү жана өнүктүрүү Кеңешмеси Белорусиянын бюджетин колдоо максатында 500 млн доллар насыя берет. Бул тууралуу ЕӨБдүн басма сөз кызматы билдирди.
Насыя 10 жылга, анын 5 жылы өзгөрүлмө пайыздык чен боюнча берилди.
Каражат өкмөттүн программасын колдоого жана COVID-19 пандемиясынын экономикага, каржы жана социалдык секторго тийгизген таасирине каршы туруу үчүн Беларусиянын Улуттук банкына, ошондой эле өлкөнүн дүң эл аралык камдарын сактоого жумшалат.