Бензиндин баасы дагы кымбатташы мүмкүн

28 февраля 2022, 14:20

Доллардын курсу 95 сомдун деңгээлинде турган шартта Кыргызстанда бензиндин баасы 8 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Economist.kg Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатовго таянып жазды.

Маалыматка ылайык, доллар 1 сомго кымбаттаса, күйүүчү-майлоочу майдын баасы 60 тыйынга жогорулайт.

"Бардык компаниялардын келишимдери доллар менен болгондуктан, америкалык валютанын кымбатташы баага таасир этээри шексиз", - деп айтылат маалыматта.

Учурда борбор калаадагы айрым коммерциялык банктар менен акча алмаштыруу жайлары долларды 97 сомдон сатууда.