Беш облустагы айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 10-апрелде өтөт

9 февраля 2022, 14:15

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Таш-Көмүр шаардык кеңешине, Токтогул шаардык кеңешине, Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешине, Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешине, Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешине, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңешине, Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешине, Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңешине, Кара-Суу районунун Ак-Таш, Төлөйкөн айылдык кеңештерине, Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешине, Кемин районунун Жаңы-Алыш, Кара-Булак, Көк-Ойрок айылдык кеңештерине, Москва районунун Александровка айылдык кеңешине, Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо 2022-жылдын 10-апрели, жекшембиде өтөт.