500 млн сом суммасындагы мамлекеттик баалуу кагаздар аукционго коюлат

10 августа 2020, 14:23

13-августта жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет.

Жайгаштыруунун көлөмү 100 миллион сомду түзөт.

Кошумчалай кетсек, 14-августта, жүгүртүү мөөнөтү эки жылдык мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Мамлекеттик казына векселдеринин эсебинен 400 миллион сомду тартуу пландалууда.