Беткапсыз сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрүнө айыппул салынды

24 июня 2020, 09:00

Бишкек шаарынын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев пандемия учурунда санитардык талаптарды аткарбагандыгы үчүн өкмөт аппаратынын кызматкерлерине айыппул салды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Бузуулар тууралуу кодекстин 150-беренеси («Техникалык регламент, санитардык эреже, гигиеналык ченем жана коомдук саламаттык тармагындагы башка ченемдик-укуктук актыларды бузуу») боюнча протокол түзүлүп, ага ылайык өкмөт жетекчилерине, өкмөттүн аппаратынын жана катчылыгынын кызматкерлерине карата 5 миң сом айыппул каралган.