Бүгүн парламентте баатыр энелердин жөлөк пулун көбөйтүү маселеси каралат

26 февраля 2024, 09:00

Бүгүн парламентте баатыр энелердин жөлөк пулун көбөйтүү маселеси каралат.

Токтом долбооруна ылайык, көп балалуу энелердин пенсиясына кошумча беш миң сомдон төлөп туруу сунушталууда. Учурда миң сомдон гана кошулат.

Кыргызстанда жети жана андан көп балалуу энелерге “Баатыр эне” наамы ыйгарылат. Мындай орден алгандардын арасында пенсия алууга укугу жок болгондуктан социалдык жөлөк пул гана алгандар бар.