Билим берүү ишмердүүлүгү үчүн арыздар онлайн кабыл алынат

24 апреля 2024, 15:27

Кыргызстанда 1-майдан тарта билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алуу үчүн арыздар электрондук түрдө кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, арыздар лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасы аркылуу гана жиберилиши керек.

“Арыз ээсине административдик иштин аткаруучусу менен жолугуунун кажети жок болгондуктан, коррупциялык тобокелдиктер жоюлат”, - деп айтылат маалыматта.