Он бир айда аткезчилик бюджетке дээрлик 1 млрд сом зыян алып келди

6 декабря 2023, 13:27

Быйыл 11 айда контрабандадан мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 941,8 млн сомду түздү. Мындай маалыматты Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы билдирди.

Жалпысынан алар бажы мыйзамдары жаатындагы 5,5 миңден ашык укук бузууларды жана кылмыштарды аныкташкан.

“Бул фактылардын негизинде 5 миң 296 кылмыш иши козголгон. Аларды кароонун жыйынтыгында мамлекеттин пайдасына 39 млн сом өндүрүлгөн. Кошумча коопсуздук чараларынын жана профилактикалык иш-чаралардын алкагында бажы төлөмдөрү 307,6 млн сом өлчөмүндө төлөндү”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, бажы кылмыштары боюнча 251 материал сотко өткөрүлүп берилген. Алардын айтымында, 310,9 млн сомдук зыяндын орду толтурулган. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында бюджеттин кошумча кирешелеринин жалпы көлөмү 137,8 млн сомго көбөйүп, 657,6 млн сомду түздү.