Дыйкандар бир айда 593 млн сомго лизингге техника алышты

30 января 2024, 17:16

Быйыл 8-январдан 30-январга чейин 593 млн сомго 41 даана техника дыйкандарга лизинг аркылуу берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө “Айыл Банк” ачык акционердик коому аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндар, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлор жана башка айыл чарба шаймандары берилүүдө.

Ал жеңилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9 % менен 7 жылдан 10 жылга чейин берилип жатат.

Эске салсак, дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен "Айыл Банк" ачык акционердик коому аркылуу 7 лизинг долбоору түзүлүп, жалпы 13,7 млрд сомго 6 миң 617 даана техника берилген.