Бир жума ичинде унция алтындын баасы 8.2 миң сомго төмөндөгөн
Таза куйма алтындын баасы бир апта ичинде (23.11.-30.11.2020-ж.) 8 миң 172 сомго же 96.4 $ төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдайт.
Бүгүнкү күндө унция алтындын баасы 166 миң 205.5 сомд түзөт.
Мындан сырткары, куйма алтындын сатыктагы баасы дагы 8 миң 294 сомго (97.8 $) төмөндөп, азыркы учурда 168 миң 700 сомду түзөт.
Өз кезегинде, алтындын дүйнөлүк баасы дагы 186.1 $ төмөндөгөн.