Бир күндө алтындын өлчөнгөн куймаларынын унцийи 60 долларга арзандады

22 апреля 2022, 11:51

Бүгүн, 22-апрелге карата Кыргызстандын Улуттук банкынын өлчөнгөн алтын куймаларынын унцийинин кайра сатып алуу баасы 161 миң 887 сом деп белгиленди. Мындай маалыматтар борбордун банктын сайтында маалымдалган.

Бир күн мурда Улуттук банк алтын куймаларын 166 миң 633,5 сомго сатып алып жаткан. Муну менен бир сутка ичинде унция 4746,5 сомго же 59 долларга арзандады.

Аны менен бирге эле алтындын өлчөнгөн куймаларынын унцийинин элге сатуу баасы 30-марттан бери эч өзгөрүлбөстөн калып, 198 миң 548 сомду түзүүдө.