Бир суткада бустердик дозаны 2 миңден ашык адам алды

9 февраля 2022, 11:35

Акыркы суткада өлкөдө бустердик дозаны 2 миң 168 адам алды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 212, Баткен облусунда 216, Жалал-Абад облусунда 597, Нарында 123, Ош шаарында 156, Ош облусунда 372, Талас облусунда 114, Ысык-Көлдө 260, Чүй облусунда 118 адам вакцина алды.