Бир жылда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда баалар жогорулады

13 декабря 2023, 16:24

2023-жылдын ноябрь айынын жыйынтыгында Евразия Экономикалык Биримдигиндеги (ЕАЭБ) өлкөлөрдө керектөө баалары жана тарифтери жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, бир ай мурдагы бааларга салыштырганда кымбаттоо Казакстан менен Орусияда жогору болду. Бир жыл мурунку көрсөткүчтөргө салыштырганда баалар Казакстан менен Кыргызстанда көбүрөөк көтөрүлгөн.

“2023-жылдын ноябрындагы баалар 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу Казакстанда 8,9%га, Кыргызстанда 6,9%га, Орусияда 6,6%га жана Беларуста 4,9%га өскөн. Арменияда тескеринче 1,5% арзандаган”, - деп айтылат маалыматта.