Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун экинчи этабы жүрүүдө

8 апреля 2024, 09:25

Кыргызстанда Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун экинчи этабы жүрүүдө.

Мамлекеттик салык кызматынан эскертишкендей, 1-майга чейин өткөн жылдын кирешеси боюнча отчетту физикалык жактар жана жеке ишкерлер тапшырат.

Декларацияда кирешеден тышкары чыгашалар, экономикалык ишмердүүлүк, мүлк, жер тилкелери жана төлөнгөн салык милдеттенмелери жөнүндө маалымат көрсөтүлүшү керек.