Бишкек абанын булганышы боюнча эң начар үчилтикке кирди

2 февраля 2022, 19:00

Дүйнөлүк абанын сапаты боюнча ири шаарлардын рейтингинде Бишкек 3-орунга көтөрүлдү. 24.kg агенттигинин маалыматына ылайык, азыркы тапта абанын сапатынын индекси 184тү түздү.

Дүйнөлүк аба сапатынын көрсөткүчүнүн 300дөн жогору болушу абанын кооптуулугун көрсөтөт, ал эми 50дөн төмөн болсо абанын сапаты жакшы деп эсептелет.

Белгилеп кетсек, калааны каптаган кара түтүн Кыргызстандагы актуалдуу маселелердин бири.